Тармактык Энциклопедия:ЖАШЫЛ ШООЛА
Jump to navigation
Jump to search
– батып бараткан Күн дискасынын үстүнөн жашыл жарыктын жарк этүүсү. Ал күн дискасынын жогорку чеги горизонтко кирип баратканда бир нече секунда байкалат. Ж. ш-нын пайда болушу күн нурларынын атм-радагы рефракциясы м-н байланышкан. Атм-ранын төмөнкү катмарлары жогоркуларына караганда тыгызыраак болгондуктан жарык нурлары атм-радан өткөндө ийрейип, негизги түстөргө ажырайт, себеби кызыл шооланын сынуусу жашыл м-н көктүкүнө караганда кичирээк. Мында шоолалардын сынуу бурчу Күн горизонтко жакындаганда чоңоёт. Атм-ранын тынч абалында спектрдин үстүнкү (кызгылт-көк) четинен астыңкы (кызыл) четине чейин «чоюлушу» 30"га жетет. Атм-ранын төмөнкү катмарларында сары ж-а кызгылт-сары нурлардын көпчүлүгүн суу буулары м-н озондун молекулалары жутуп алат, кызгылт-көк ж-а көк нурлар чачырап, абдан начарлап калышат да, негизинен жашыл м-н кызыл нурлар гана калат. Ошондуктан күн дискасы экөө (жашыл ж-а кызыл) болуп көрүнөт, алардын көпчүлүк бөлүгү дал келип, үстүңкү ж-а астыңкы четтери бир эле кабат болот. Күн дискасы батып баратканда астыңкы кызыл бөлүгү горизонтко мурда кирет да, үстүңкү жашыл чети аз убакытка көрүнө калат. Ж.ш. абдан тунук абада, көбүнчө деңиз горизонтунда байкалат. Кээде, аба абдан таза болсо, көк шоола да көрүнөт. Ж.ш. Күн чыкканда да айкалышы мүмкүн.