Тармактык Энциклопедия:ЖАРК ЭТМЕ ЖЫЛДЫЗДАР
Jump to navigation
Jump to search
– эрупциялуу өзгөрмө жылдыздардын бир түрү; спектринде суутек м-н кальцийдин ачык жарык сызыктары бар муздак кызыл кидиктер. Мында бир нече суткадан кийин (кээде бир нече сааттан кийин) жалтыроосунун кыска убакытка күчөшү байкалат. Ж. э. ж-дын көпчүлүгү – жаш жылдыздар.