Тармактык Энциклопедия:ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– жаркыроосу капысынан жүз, миң, кээде миллион эсе көбөйүп, кайра акырындык м-н өз абалына келүүчү жылдыздар классы. Эң чоң жарыктыкка жеткенден кийин жылдыз өчө баштап, бир жылча убакыттан кийин калыбына келет. Ж. ж. жарк этүүсүнүн кубаттуулугу, жаркыроонун өчүш ылдамдыгы б-ча да айырмаланышат. Жарк этүүсү канчалык кубаттуу болсо, жаркыроосу да ошончолук тез өчөт. Тынч абалда Ж. ж. начар болуп көрүнөт, аларды чоң телескоптор м-н гана байкоого болот. Бардык белгилүү Ж. ж. – кош жылдыздар, алардын бири ак кидиктер, экинчиси кадимки жылдыздар. Булардын мүнөздүү өзгөчөлүгү – бири бирине жакын жайгашкандыгы. Ошондуктан кадимки жылдыздын бетинен чыккан газ агымы ак кидиктин бетине өтөт. Астрономдордун эсеби б-ча жылына 40ка жакын Ж. ж. жанат. Галактикада орто эсеп м-н эки Ж. ж. байкалат.