Тармактык Энциклопедия:ЖАЛПЫ АСТРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(гр. «жылдыздар закону») – космостук телолордун, алардын системаларынын ж-а жалпы эле Ааламдын түзүлүшү, өнүгүшү ж-дөгү илим. Астрон. изилдөө ыкмалары ар түрдүү. Алардын бири космостук телолордун асман сферасындагы абалын, экинчиси – алардын кыймылын, үчүнчүсү – физ. мүнөздөмөлөрүн ж. б-ларын изилдейт. Астрон. бир канча бөлүктөрдөн турат; а с т р о м е т р и я жылдыздардын, планеталардын ж. б. объектилердин асман координаталарын аныктайт; а с м а н м е х а н и- к а с ы бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун таасири астында асман телолорунун кыймыл закондорун үйрөтөт; а с т р о ф и з и к а спектрдик, фотометриялык ж. б. физ. ыкмалардын жардамы м-н асман телолорунун физ. түзүлүшүн, хим. курамын изилдейт. Изилденүүчү объектилерге карата астрон. гелиофизика, планета, жылдыз, комета, галактикадан тышкары астрон-ларга бөлүнөт. Изилдөөдөгү колдонулуучу нурлануулардын диапазонуна жараша радиоастрон.; инфракызыл, оптикалык, ультракызгылт-көк, рентген астрон-лары ж-а гамма-астрон-сы бар. Асман объектилеринин ж-а алардын системаларынын келип чыгышын к о с м о г о н и я, ал эми Ааламдын жалпы законченемин к о с- м о л о г и я үйрөтөт. Астрон. изилдөөлөрдө физ., хим., матем. ж. б. илимдердин ыкмалары кеңири колдонулат. 


АСТРОНОМИЯ.jpg