АСТАФЬЕВ Виктор Петрович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Виктор Петрович (1. 5. 1924, Красноярск крайы, Овсянка айылы ‒ 29. 11. 2001, ошол эле жерде) ‒ орус жазуучусу. Балдар үйүндө тарбияланган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1959‒61-ж. Жогорку адабий курста окуган. «Атуул» (1951), «Келерки жазга чейин» (1953), «Ашуу» (1959), Сибирь кыштактары тууралуу курч проблемалуу, тереӊ психол. «Уурдоо» (1966), «Койчу жана койчу аял» (1971), «Падыша балык» (1976), балалык ж-дө автобиографиялык «Акыркы таазим» (1‒2-китеп, 1971‒79) аттуу аӊгеме ж-а повесттерди жазган. «Жашоо керек» (1985), «Жайдары жоокер» (1998) повесттеринин ж-а «Людочка» новелласынын, «Кайгылуу детектив» (1998) романынын, «Өлүмгө наалат» (1‒2-китеп, 1992‒94) аттуу чыгармалардын автору. Анын чыгармалары Батыш элдеринин тилдерине которулган. СССРдин (1978; 1991) ж-а РФ мамл. сыйл. (1995; 2003) лауреаты. Ж. Медералиева.