Тармактык Энциклопедия:ДҮРБҮ, ТУРНАБАЙ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– алыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал. Мында линзалар системасынын жардамы м-н көрүү бурчу чоңоёт. Галилей Д-сү м-н призмалуу Д-гө бөлүнөт. Галилей Д-сүнүн объективинин фокус аралыгы оң, окулярдыкы – терс мааниде болуп, нерселердин туура сүрөттөлүшүн берет. Призмалуу дүрбүнүн ар бир түтүгү объективден, призмадан ж-а окулярдан түрат.