Тармактык Энциклопедия:ДҮЙНӨНҮН ГЕОБОРБОРДУК СИСТЕМАСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жер Ааламда борбордук абалда турат деген антропоборбордук түшүнүк. Бул системаны Аристотель (б.з.ч. 4-к.) ж-а Птолемей (б.з.ч. 2-к.) иштеп чыгышкан. Птолемейдин системасы б-ча Ааламдын борборунда Жер турат, ал 50дөн ашык тунук сфералар м-н курчалган. Алар жалпы борборго ээ. Ай, Меркурий, Чолпон, Күн, Марс , Юпитер, Сатурн ж-а жылдыздардын кыймылын башкарат. Аристотель – Птолемейдин системасы ошол кездеги дин окуусуна ылайык келбегендиктен, чиркөө дүйнөнүн түзүлүшү ж-дөгү чыныгы илимий түшүнүктөргө тоскоол болгон.