Тармактык Энциклопедия:ДИФФУЗИЯЛЫК ТУМАНДУУЛУК
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– жылдыз аралык газдан же чаңдан турган туура эмес формадагы галактика булуту. Спектри эмиссия сызыктарынан (эмиссиялык тумандуулук) же тумандуулукту жарык кылып турган жакынкы жылдыздын спектрине мүнөздүү жутулуу сызыктарынан (чагылтуучу тумандуулук) турат.