АСТАТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ ПРИБОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ өлчөөчү механизми кыймылдуу бөлүгүнүн абалына (прибордун көрсөтүүсүнө) сырткы бир тектүү магнит талаасы таасир этпегидей жасалган электр өлчөгүч. Бул прибордо эки бирдей кыймылдуу бөлүгү өз ара бириктирилип жалпы окко орнотулган (мис., электр-магниттик түрмөк) магнит талаасы ага таасир этип, бир учурда өз ара карама-каршы багытталган айландыруучу моментти пайда кылып, системаны теӊ салмактап турат. Бул прибор амперметр, вольметр, ваттмет рден турат. А. ө. п. көбүнчө турактуу ж-а өзгөрмө ток тизмегинде тажрыйбалык өлчөөлөрдү жүргүзүүдө колдонулат.