Тармактык Энциклопедия:ДЕКРЕТ УБАКЫТЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– биздин өлкөдө алкактык убакытка бир саат кошулгандан кийинки убакыт. 1930-ж. 16-июнда совет өкмөтүнүн декрети м-н СССРде бардык алкактардын саат жебелери бир саат алдыга жылдырылган. Москванын декреттик убакыты Москва убакыты деп аталат. 1980-ж. 24-окт. отун-энергия ресурстарын үнөмдөө үчүн СССР Министрлер Советинин токтому б-ча СССРде үбакытты эсептөөнүн тартиби киргизилген болучу: дайыма жыл сайын саат жебеси 1-апрелде 1 саат алдыга ж-а 1-окт. 1 саат артка жылдыруу м-н алкактык убакытка 1 саат киргизилген.