Тармактык Энциклопедия:ГРЕГОРИ СИСТЕМАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– күзгүлүү беттен жарыктын чагылуусунун негизинде сүрөттөлүш алынуучу рефлектордун негизги системасынын бири. Мында кошумча күзгү (эллипс формасындагы иймек) негизги күзгүнүн фокусунун артына жайгаштырылып, чачыраган нурлар кабыл алынат. Ал Кассегрен системасы сыяктуу эле нурду негизги күзгүнүн артында чогултат. Ньютон системасынан айырмасы – телескоптун фокусу түтүктүн төмөн жагына жайгашкан. Ал байкоочуга байкоо жүргүзүүгө ыңгайлуу. Г. с. астрон. ышкыбоздору пайдаланган кичине ж-а орто астрон. куралдарда колдонулат. Бул системаны Ж. Грегори (1663) сунуш кылган.