Тармактык Энциклопедия:ГРАНУЛДАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күндүн фотосферасын кээде бүт бойдон торчо сыяктуу (грануляция) каптап алуучу сүйрү формадагы өтө туруксуз түзүлүштөр. Айрым Г-дын «жашоо» мезгили 1 – 2 мин. Алардын өлчөмдөрү 0ўў,5 -0ўў,7, же туурасынан кесилиши 400 – 500 кмге жетет. Г-дын орточо темп-расы фотосферанын орточо темп-расынан 200°ка, ал эми жаркырактыгы 30%ке жогору болот. Г-дын тез-тез өзгөрүп турушу фотосферанын тынымсыз кыймылда боло тургандыгын билгизет.