Тармактык Энциклопедия:ГРАВИТАЦИЯЛЫК КОЛЛАПС
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– гравитациялык күчтүн таасиринен асман телолорунун катастрофалык өтө тез кысылуусу. Массасы Күндүн массасынан 2 эсе чоң жылдыздардын эволюциясы Г. к. м-н бүтүшү мүмкүн. Мындай жылдыздардын ядро энергиясы түгөнгөндө өздөрүнүн мех. туруктуулугун жоготуп, улам тездөөчү ылдамдык м-н борборго карай кысылат. Эгерде жылдыздын улам көбөйүүчү ички басымы Г. к-ты токтотсо, анда жылдыздын борбордук бөлүгү нейтрон жылдыздарына айланат. Ал өзүнүн кабыкчасын бөлөт, бул учурда өтө жаңы жылдыздыкындай жарк этиш байкалат, к. Гравитациялык кысылуу.