Тармактык Энциклопедия:ГЛОРИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– атм-радагы оптикалык кубулуш; ал тумандын катмарына же булутка, түшкөн байкоочунун көлөкөсүнүн айланасындагы түстүү шакекчени элестетет. Көпчүлүк учурда Г. тоолордо (булут байкоочудан төмөн болгондо) же булуттун үстүнөн учканда байкалат. Ал жарык дифракциясы м-н шартталат. Тумандагы же булуттагы суу тамчыларына жарык нуру тийгенде ал тамчылар жарык нурун кайра чачыратат. Кайра чачыраган жарык башка суу тамчыларын дифракциялайт. Г-нын өлчөмү булуттун түзүлүшүнө ж-а андагы тамчынын өлчөмүнө жараша болот.