Тармактык Энциклопедия:ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жер бетиндеги чекиттин ордун аныктоочу кеңдик ж-а узундук. Геогр. кеңдик j – берилген чекиттен өтүүчү түз сызык м-н экватор тегиздигинин арасындагы бурч, ал экватордун эки жагына тең 0°тан 90°ка чейин эсептелинет. Геогр. узундук l берилген чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги м-н баштапкы меридиан тегиздигинин арасындагы эки грандуу бурч, ал меридиандын башталышынан чыгышты көздөй 0°тан +180°ка (чыгыш узундук) ж-а батышты көздөй 0°тан – 180°ка чейин (батыш узундук) эсептелет. Гринвич обосрваториясы аркылуу өткөн меридиан нөл же башталыш меридиан деп аталат.