Тармактык Энциклопедия:ГЕЛИЙЛҮҮ ЖЫЛДЫЗДАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кызыл зор жылдыздардын түпкүрүндөгү суутектин «күйүшүнөн» гелийлүү ядро пайда болгон жылдыздар. Ядронун гравитациялык кысылуусунан жылдыздын темп-расы, тыгыздыгы, түпкүрүндөгү басымы жогорулап, жылдыз кеңейет. Эгерде басым тез жогоруласа, анда кеңейүүчү жылдыз инерция б-ча теңсалмактуулук абалынан өтүп, тез кеңеет. Бул учурда ядродогу басым кабыкчадагы басымдан кичине болот. Ушунун натыйжасында цефеиддер термелет. Термелүүнүн сакталып турушу үчун сырттан тынымсыз энергия берилүүгө тийиш. Мындай энергия кысылуу мезгилинде кабыкчадагы иондошкон гелийдин бейтарап гелийге айлануусунан пайда болот.
<img src='ГЕЛИЙЛҮҮ ЖЫЛДЫЗДАР.gif'/>