Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАНЫН АЙЛАНЫШЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Алыскы жылдыздардын нур ылдамдыктарын өлчөөдө алардын бир калыпта өзгөрүүсү байкалат. Канчалык жылдыз алыс болсо, ошончолук анын нур ылдамдыгы жогору. Мындан бардык жылдыздар ж-а Күн галактиканын борборунун багытына тик багыт б-ча кыймылга келери аныкталган. Айлануу кыймылы Галактиканын борборунан алыстаган сайын анын ылдамдыгы чоңоёт. Мындай айлануунун төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар: 1. Эгер кыймыл Галактиканын түн. уюлунан байкалса, анда айлануу саат жебеси б-ча багытталат. 2. Борбордон алыстаган сайын айлануунун бурчтук ылдамдыгы азаят.
3. Айлануунун сызыктуу ылдамдыгы борбордон алыстаганда өсүп, болжол м-н Күнгө чейинки аралыкка жеткенде өтө жогорку мааниге (240 км/сек) жетет да акырындык м-н кемийт.
4. Күн м-н жылдыздар Галактиканын борборун 230 млн. жылда толук айланып чыгат. Бул г а л а к т и к а л ы к ж ы л деп аталат.
<img src='ГАЛАКТИКАНЫН АЙЛАНЫШЫ.gif '/>