Тармактык Энциклопедия:ВОЛЬФ САНЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– күн активдүүлүгүнүн так пайда кылуу мүнөздөмөлөрүнүн бири; белгилениши W, W = k (f + 10g), мында k – пропорциялаштык коэффициенти, анын чоңдугу байкоочуга, колдонулган аспаптын кубаттуулугуна жараша болот ж-а ар кандай шартта жүргүзүлгөн байкоолорду өз ара салыштырууга мүмкүндүк түзөт. f – Күндүн бетиндеги тактардын жалпы саны, g – күн бетиндеги тактарды түзгөн топтордун саны.