Тармактык Энциклопедия:ВОЛЬФ – РАЙЕ ЖЫЛДЫЗДАРЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– спектринде нурлануу сызыгы эндүү болгон жаш ысык жылдыздар. Алар чоң массага (Күндүн массасынан болжол м-н 10 эсе чоң), жогорку жаркырактык (орто эсеп м-н Күндүкүнөн 400 эсе жаркырак) ж-а көлөмдүү атм-рага ээ. В. – Р. ж-нын эффективдүү темп-расы болжол м-н 50 000 К. Бул жылдыздар алардын спектриндеги өзгөчөлүктөргө биринчи көңүл бурган фр. астрономдору Ш. Вольф м-н Ж. Райелердин ысымынан аталган (1867).