Тармактык Энциклопедия:ВОЛОПАС
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Түн. жарым шардагы байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын бири; өтө жарык жылдызы Арктур. Негизги жарык жылдыздары б-ча парашют м-н асмандан калкып түшүп келе жаткан адамдын сынын, начар көрүнгөн жылдыздарын бирге алганда бийлеп турган аялдын көрүнүшүн элестетет. Спектрдик классы КО болуп, чыныгы жарыктыгы Күнгө салыштырганда 76 эсе жарык. В. топ жылдызынын бир далайы Е, П ж. б. кызыктуу кош жылдыздар. В. топ жылдызынын l жылдызына жакын жерде жыл сайын янв-да байкалган радианты a=211° ж-а d=+47° метеор агымы бар. КМШнын аймагынан кыштын аягында, жазында ж-а жайында көрүнөт.