Тармактык Энциклопедия:ВИНДИН ЖЫЛЫШУУ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:09, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– абс. кара телонун нурлануу спектринин максимумуна туура келген толкун узундук lреак м-н бул телонун темп-расы Т арасындагы байланыш. Бул закондун матем. туюнтулушу lреак•Т=в (в–Вин туруктуусу, ал спектрди ченөөнүн тактыгына жараша болот, бирок типтүү мааниси 0,003 м•К болуп эсептелет). Асман телолорунун нурлануусу абс. кара телонун нурлануусуна тактыгы б-ча туура келиши сейрек болсо да бул законду нурлануу энергиясынын негизги бөлүгү туура келүүчү спектрдин областын аныктоо үчүн пайдаланса болот. Мисал катары төмөнкүлөрдү келтиребиз: 1) микротолкундуу фон (реликт) нурлануусу, Т=2,7 К, lреак=1 мм; 2) муздак кызыл жылдыздардын нурлануусу; Т=3000 К, lреак=1 мкм (спектрдин инфракызыл областы); 3) Күндүн нурлануусу, Т=6000 К, lреак=500 нм (көзгө көрүнгөн спектрдин жашыл бөлүгү); 4) кыйла ысык кадимки жылдыздар, Т=30 000 К, lреак=100 нм (нурлануусу жер атм-расына жутулуу м-н жер бетине жетпеген, спектрдин алыскы ультракызгылт-көк областы) ж-а 5) планетардык тумандуулуктун ядросу ж-а прото-ак карликтер, Т=100 000 К, lреак=30 нм (спектрдин четки ультракызгылт-көк областы). Бул законду ачканы үчүн Вильгельм Вин (1864–1928) физ. б-ча 1911-ж. Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.



www.znatok.wordpress.com