Тармактык Энциклопедия:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАРТЫЛУУ ЗАКОНУ
Jump to navigation
Jump to search
– бири биринен r аралыкта жайгашкан, массалары m1 ж-а m2 болгон материалдык чекиттердин өз ара тартылуу закону. Б. д. т. күчү F = G•m1•m2/r2 формуласы м-н аныкталат, мында G – гравитациялык турактуулук. Бул закон Ньютондун тартылуу закону деп да аталат. Ньютондун тартылуу закону азыркы кездеги астрон-нын негизи болуп эсептелет. Ал закон м-н асман телолорунун кыймылы, түзүлүшү, эволюциясы эсептелет ж-а массасы аныкталат. Бул закондун негизинде мурда белгисиз болгон Нептун планетасы, Сириустун жандоочусу ж. б. бар экендиги алдын ала айтылып, кийин ырасталган.