Тармактык Энциклопедия:БУЛУТ СИСТЕМАЛАРЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
, булут чогулмалары адатта планеталык масштабга ээ. Булуттардын макросистемасына ж-а мезосистемасына (же жергиликтүү системасына) айырмаланат. Макросистеманын узундугу миңдеген километрге жетет, ал бир суткадан 5 суткага чейин турат. Мезосистеманын узундугу ондогон ж-а жүздөгөн километрге жетет, ал бир нече гана саат турат. Б. с. мезгил ж-а мейкиндик б-ча формасын, өлчөмүн ж-а бийиктигин өзгөртүүнүн белгилүү ырааты м-н мүнөздөлөт. Б. с-нын бир түрү булуттардын фендик валы деп аталат. Мындай түрдөгү булуттар тоо кыркаларынан ж-а ашуулардан күчтүү аба агымы жүргөндө чокуларда пайда болот.