Тармактык Энциклопедия:БУЛУТ АРТЫНДАГЫ ЖАРКЫРОО
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– асман чүмкөгүнөн көрүнгөн нурлар. Көбүнчө асманда түрмөктөлгөн ала булут болуп, Күн батып бара жаткан мезгилде көрүнөт. Күн нуру үзүлгөн булуттардын арасынан өтүп, күүгүм тарткан абаны жарык кылат. Б. а. ж. эртең м-н ж-а кечинде Күн горизонттун ары жагында болгон учурда байкалышы мүмкүн. Кээде бул учурда булут алтын сымал жалтылдаган түскө ээ болот.