Тармактык Энциклопедия:БОЛИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, к у й р у к т у у ж ы л д ы з – өтө жарык чоң метеор (“оттуу шар”). Б. жер атм-ранын массасы болжол м-н 100 гадан бир нече тоннага чейин болгон телонун киришинен пайда болот. Көбүнчө бул тело атм-рада майдаланат ж-а толук бууланып кетет. Кээде метеорит түшөт. Кыйла жарык Б-ди күндүз да байкоого болот. Түнкүсүн болсо кабыкчасы ж-а куйругу көрүнөт. Б. учканда иондошкон газдан ж-а чаңдан турган из калтырат. Бул из стратосферадагы шамалдын таасиринен ийри-буйру формага ээ болуп, бир нече минута көрүнүп турат. Б. учканда кээде күркүрөгөн үн чыгарат. 1908-ж. Сибирден өтө чоң Б. байкалган.