Тармактык Энциклопедия:АТМОСФЕРА АЭРОЗОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– катуу заттардын бөлүкчөлөрү же суюктуктун тамчылары газ чөйрөсүндөгү абалуу атм-рада аралашып жүрүүчү дисперсиялуу система. Ал планеталардын бетинен көтөрүлүп чыккан чаңдар, атм-ранын өзүндөгү газдардан түзүлгөн конденсацияланган суюктук же катуу абалдагы бөлүкчөлөрдөн ж-а метеордук чаңдардан турат. Мис., Марс планетасынын бетинен кургак чаңдар көтөрүлүп чыгып атм-рада аэрозолду пайда кылат. Жер, Чолпон ж-а башка зор планеталардын бетине конденсацияланган бөлүкчөлөр түрүндө акырындык м-н калкып түшөт. Бөлүкчөлөрдүн өлчөмү – 10­8ден 0,1 смге чейин, 1см3 абадагы топтолушу бир ж-а миңдеген суу тамчыларынан миллионго чейинки ионго жетет. Ири атм-ралык аэрозолдордо жарыктын начарлашы анын толкун узундугуна көзкаранды эмес.


АЭРОЗОЛ.jpg


www.sicenter.ru