Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯЛЫК РЕФРАКЦИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– асман жарык чыгаруучуларына келген жарык нуру атм-ра аркылуу өткөндө пайда болгон сынуу кубулушу. Рефракция чоңдугу, б. а. асман чүмкөгүндө жарык чыгаруучунун көрүнгөн абалы м-н чыныгы абалынын ортосундагы бурч атм-радан өткөн жарык нурдун узундугу м-н атм-ра катмарындагы нурдун жантаюу бурчуна байланыштуу. Ал r=60,2ўўtgz аркылуу аныкталат, мында z – жарыктын көрүнүү зенит аралыгы. Бул формула z<70° үчүн гана туура болот. Рефракция горизонтко жакын болгондо төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн чоңдуктар м-н мүнөздөлөт.
Таблица 2.
<img src='РЕФРАКЦИЯ.png '/>
Жарык чыгаруучулар зенитте болсо, А. р-нын чоңдугу нөлгө барабар. Айрым учурда А.р. атм-ралык рефракция деп да аталат, бул түшүнүк көбүнчө Жерге гана тиешелүү.