Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯЛАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– асман жарык чыгаруучуларын ж-а андагы кубулуштарды дайыма байкоочу ж-а астрон. б-ча изилдөө иштерин жүргүзүүчү илимий мекеме. А. о. байкоо жүргүзүүчү аспаптар (телескоп, радиотелескоп) аркылуу байкалган маалыматтарды ылгоочу атайын лабораториялык куралдар (мис., электрофотометр ж. б.) м-н жабдылат.
А. о. Ассирия, Вавилон, Кытай, Египет, Персия, Индия, Мексика, Перу ж. б. мамлекеттерде бир нече миңдеген жылдар мурун эле түзүлгөн. Өз учурунда 15-к-да Улугбек Самарканда астрон. обсерватория түзгөн. Ал обсерваторияда Улугбек 1018 жылдыздан турган белгилүү каталогун жогорку тактыкта иштеп чыккан. 18 –19-к-дын аягына чейин дүйнө б-ча 400дөн ашуун астрон. обсерватория түзүлгөн. Азыр 500гө жакын астрон. обсерватория бар. Абастумани астрофиз. обсерваториясы, Гринвич астрон. обсерваториясы, Крымдагы астрофиз. обсерватория, Пулков обсерваториясы.