Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯЛЫК БИРДИК
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– астрон-дагы аралык бирдиги, күн системасынын чегинде Жерден Күнгө чейинки аралык: 1 а. б. = 149,6 млн. км. Мис., Плутон планетасы м-н Күндүн ортосундагы орточо аралык 39,5 а. б-ке барабар. А.б-ти 17-к-да И.Кеплер киргизген. Жылдызга чейинки аралык парсек (пк) м-н туюнтулат. Жарык жылы –1 жылда жарык басып өткөн аралык (9,5 трлн. км же 1/3 пк).