Тармактык Энциклопедия:АСТРОМЕТРИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– астрон-нын бир бөлүмү. Ал асман телолорунун мейкиндикте өз ара жайгашуусун, алардын фигурасын, бетин, байкоолордун негизинде алардын сфералык координаталарда убакыт б-ча өзгөрүшүн, о. эле Жердин айлануусун, астрон. туруктууларды изилдейт. А-лык өлчөөлөр көптөгөн астрон. кубулуштарды: прецессияны, нутацияны, рефракцияны, аберрацияны, параллакстарды, планеталардын ж-а жылдыздардын орбиталарын өлчөөлөрдү, топтошуулардагы жылдыздардын ылдамдыктарынын бөлүштүрүлүшүн окуп-үйрөнүү үчүн зарыл.