Тармактык Энциклопедия:АСМАН ТЕЛОЛОРУНУН ТЕМПЕРАТУРАСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Асман телолору түрдүү болгондуктан, алардын темп-расы ар түрдүү. Кадимки түрдүү болгондуктан, алардын темп-расы ар түрдүү. Кадимки жылдыздардын темп-расы 3000 Кден 10 000 Кге жетет. Жогорку тыгыздыктагы ак кидик ж-а нейтрон жылдыздарынын темп-расы андан ысыгыраак. Жылдыздар арасындагы газдардын темп-расы спектр анализинин жардамы м-н аныкталат, ысык жылдыздарга жакын жайгашкан газдардын темп-расы 10000 Кге жетет. Жылдыздар арасындагы тыгыздалган газдар м-н жылдыздардан алыс жайгашкан планеталардын темп-расы өтө төмөн (10 К чамасында), ал эми галактикалар топтолгон сейректелген газдар ж-а нейтрон жылдыздарынын темп-расы өтө жогору (10 млн. градустай) болот.