Тармактык Энциклопедия:АСМАН КЫЗМАТЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кең бурчтуу күчтүү оптикалык системасы бар астрографтын жардамы м-н асман сферасын системалуу тартып алуу. Көп жылдар бою тартылып алынган астрофотографиялар аркылуу өзгөрмө жылдыздар, жаңы жылдыздар, өтө жаңы жылдыздар, о. эле квазарлар ж. б. жаркырактыгынын өзгөрүшү изилденет. А. к. астрон. обсерваторияларда ж-а Тажикстандын ИАнын Дүйшөмбүдөгү Астрофиз. ин-тунда жүргүзүлүүчү Асмандын айрым бөлүктөрү башка да көптөгөн обсерваторияларда үзгүлтүксүз сүрөткө тартылып турат.