АССАМ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ш и л л о н г (тайлардын бир уруусу ахомдон ‒ «жеӊилгис») ‒ Индиянын түн.-чыгышындагы тайпак тоо. Уз. 350 кмдей. Бийикт. 1961 м. Капталдары өрөөн-капчыгайлуу. Жер шарындагы жаан-чачын эӊ көп жааган жерлердин бири, анда жаан-чачындын орт. өлчөмү 12 миӊ мм (Черапунжи). Нымдуу тропик токою, бадалдар ээлейт.