Тармактык Энциклопедия:АСМАН КООРДИНАТАЛАРЫНЫН ГАЛАКТИКАЛЫК СИСТЕМАСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– галактикалардын түзүлүшүн изилдөөчү асман экваторуна салыштырмалуу i = 62°, 6ўга жантайган галактикалык экватор тегиздиги, б. а. Саманчы жолуна симметриялуу тегиздик. Жарык чыгаруучу галактикалардын абалы галактикалык узундук “i” ж-а галактикалык кеңдик “в” м-н аныкталат. Галактикалык кеңдик “плюс” ж-а “минус” белгилерине туура келген Галактиканын экваторунан түн-кө ж-а түш-кө карай эсептелинет. Галактикалык узундук Галактика уюлу ж-а асман экватору м-н Галактиканын экваторунун кесилиш чекити аркылуу өтүүчү түз чыгыш багытындагы тегиздиктен тартып эсептелинет. Эклиптика ж-а галактикалык координаталар астрон. байкоолордун натыйжасында аныкталуучу экватордук эсептөө жолу м-н алынат.