Тармактык Энциклопедия:АСМАН КООРДИНАТАЛАРЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– асмандагы жарык чыгаруучулардын (телолордун) абалын асман сферасындагы негизги тегеректер, ага байланышкан сызыктар ж-а чекиттерге салыштырмалуу аныктоочу сандар. Алар сан жагынан борбордук бурчтар же чоң тегеректердеги эки чоңдук м-н туюнтулат. Астрон-нын ар кандай маселелерин чечүүдө түрдүүчө А. к. пайдаланылат.