Тармактык Энциклопедия:АЙКҮН КАЛЕНДАРЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– убакытты эсептөөнүн ай календары м-н күн календарынын айкалыштырылган системасы. АйКүн календарында толук Ай айларынын суммасы тропиктик жыл узактыгына так дал келет. Мындай календарь б. з. ч. бир миңинчи жылдын башталышында Байыркы Грецияда пайда болгон. Жыл 12 айга бөлүнгөн, ар бир ай Айдын жаңырышы м-н башталган. Жылдын алмашылышына карата мезгили м-н кошумча 13ай киргизилген. Азыркы күндө мындай система европалык календарда гана сакталган.