Тармактык Энциклопедия:АПТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– жети суткага барабар убакыт мезгили. Ар бир күндүн өз аты бар. Жети күндүк жума биринчи жолу Байыркы Чыгышта колдонулган. Ал б. з. ч. 1-к-да Римде киргизилип, андан кийин бүт Батыш Европага жайылган. Жуманын күндөрүнө 7 асман телосуна байланышкан атайын аттар коюлган. Мис., ишемби Сатурндун күнү, андан кийинки күндөр Күн, Ай, Марс, Меркурий, Юпитер, Чолпон күндөрү деп аталган. Бул аттар Батыш Европа тилдеринде ушул убакка чейин сакталуу. Славян тилдеринде күндөрдүн көпчүлүк аттары жекшембиден кийинки ордун көрсөтөт. Кээ бир элдерде убакытты беш күндүк ж-а он күндүк жумаларга бөлүү кабыл алынган. Мис., Байыркы Египетте он күндүк (декада) жума болгон, мындай жумалар Улуу француз революциясынын календарында да болгон. Күндөрдүн кыргызча аттары төмөнкүдөй айтылат: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.


АПТА.jpg


www.bigpicture.ru