Тармактык Энциклопедия:АЙДЫН ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Айдын ж-а планеталардын атм-расын, бетин ж-а жалпы түзүлүшүн, о. эле аларга жакын космос мейкиндигин үйрөнүү үчүн ил.-из. максатында учурулган космос аппараттары. Жерден кийинки биринчи жасалма жандоочусу чыгарылган асман телолорунун бири – Ай. Айдын биринчи жасалма жандоочусу – 1966-ж. 31-мартта учурулган “Луна-10” автоматтык станциясы. Айга 1980-ж. чейин 14 жасалма жандоочу жеткирилген. Марс ж-а Чолпон планеталарынын орбитасына да ар кайсы өлкөлөрдөн жасалма жандоочулар учурулган.


АЙДЫН ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ.jpg


www.milkywaygalaxy.ru