Тармактык Энциклопедия:АБАСТУМАНИ АСТРОФИЗИКАЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– 1932-ж. Грузин ССРинин илимдер академиясында негизделген. Ал Тблиси шаарынан 200 км алыс Абастумани кыштагынын жанындагы Канобили тоосуна (деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикке) курулган. Обсерваториянын илимпоздору галактикаларды ж-а жылдыздар арасындагы мейкиндиктерде жарыктын жутулууларын, галактикалардын түзүлүшүндө жылдыздар арасындагы заттарды изилдешкен. Алар жылдыздарды ж-а галактикаларды мүнөздөй турган катологдорду түзүшкөн. Обсерваторияда жылдыздар динамикасы, Ай ж-а планеталардын физ. б-ча изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Негизги астрон. аспаптары: 70 см менисклүү телескоп,
0 смлүү рефактордуу хромосфералык телескоп ж-а башкаруусу программалаштырылган 125 смлүү рефлектор, 44 смлүү Шмидт телескобу.

АБАСТУМАНИ.jpg