АМРИТСАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:43, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМРИТСАР – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Жолдор тоому. 1577-ж. Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний жана маданий борбору болгон. Aмритсар даикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16-18-к.) жайгашкан. «Алтын храм» 61-ж. кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген, индустардын Дургиана храмы да бар. Амритсар - өлкөнүн өнөр жай жана соода борбору; текстиль, химиялык машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн.

Р. Карачалова.