АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:37, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ – электрдик, механикалык ж. б. термелүүлөрдүн амплитудасынын өзүнүн жыштыгынан төмөнкү жыштыкта мезгил-мезгили менен өзгөрүшү. Ал негизинен радиотехникада колдонулат. Анда үн термелүүлөрү үн жыштыгындагы электр термелүүсүнө айландырылып, радио бергич пайда кылуучу жогорку жыштыктагы термелүүнүн температурасын өзгөртөт. Мисалы, радиоберүүлөрдө үн толкундары төмөнкү жыштыктагы электр термелүүсүнө (модуляция сигналына) өзгөртүлөт да, ал радиобергич чыгарган жогорку жыштыктагы (негизги жыштыктагы) термелүүнүн амплитудасын мезгил-мезгили менен өзгөртүп турат.