АМПЕРМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:32, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕРМЕТР – турактуу жана өзгөрмө ток күчүн ченөөчү прибор. Ток күчүн өлчөө чегине карай кило-, милли-, микроамперметрге айырмаланат. Ток чынжырына Амперметр удаалаш туташтырылат. Өзгөрмө токтун күчүн өлчөөдө амперметр түзөткүч приборлор менен жабдылат. Күчтүү ток шунт же ток трансформатору же кошумча түзүлүштөрү бар амперметр, ал эми аз чоңдуктагы токту өлчөө үчүн токтун күчөткүчү жана күчөтүлгөн сигналды кабыл алуучу электр өлчөгүч механизмдер менен жабдылган амперметр колдонулат. Азыркы кездеги ар түрдүү амперметрлердин ченөөчү чеги 10−15А – 100 кАден жогору. Техникада цифралуу амперметр кеңири колдонулат.