АМПЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:47, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕР – эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) ток күчүнүн бирдиги. Ампер вакуумда бири биринен 1 м аралыкта турган узундугу чексиз жана туурасынан кесилиш аянты эсепке алынбагандай болгон жарыш эки өткөргүч боюнча турактуу ток өткөндө, алардын ортосунда 2'10~7Н аракеттешүү күчүн пайда кылган ток күчүнүн бирдиги. СИдеги ток бирдиги француз окумуштуусу Ампердин ысымы менен аталып, А менен белгиленет.