АМЕРДИНОВА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:31, 13 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРДИНОВА Магира Мунаждиновна (8. 11. 1954-ж. т., Каракол ш.) – философ, философия илимдеринин доктору (2004). 1975-ж. Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун физика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Өзү бүтүргөн институтта инспектор, окутуучу, Илим изилдөө педагогикалык институтунда мугалим, БГУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор болуп иштеген. И. Арабаев атындагы КМУда философия кафедрасынын башчысы, профессор магистратура бөлүмүнүн башчысы. Философиянын теориялык-методологиялык, социалдык-саясий проблемалары жана психология, этнопсихология боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгек, 3 монография, 8 окуу китебинин автору.