АК-МОЮН
Jump to navigation
Jump to search
АК-МОЮН, А р а ш а н – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ак‑Моюн айыл аймагынын борбору. Ат‑Башы суусунун оң куймасы – Боронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2294 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат‑Башы кыштагынан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 2 743 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, маданият үйү, универмаг, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А. Сейитбекова, А. Койчуманов туулган.