АК-ЖАР - Ат-Башы районундагы кыштак.
Jump to navigation
Jump to search
АК-ЖАР – Нарын облусунун Ат‑Башы районундагы кыштак. Ак‑Жар айыл аймагынын борбору Ат-Башы өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат‑Башы кыштагынан 2,5 км түштүк-батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 230 км. Калкы 5 335 (2022); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Жаркымбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти С. Андабеков туулган.