АМАНАЛИЕВ Жусупбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:38, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНАЛИЕВ Жусупбек (1932-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1992), профессор (1994). КРдин эмгек сиңирген мугалими. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1953). 1953-63-жылдары Жумгал районундагы Чаек орто мектебинде мугалим, директор, Ат-Башы районундагы балдар үйүнүн директору, партиянын Тянь-Шань обкомунун үгүт-насыят бөлүм башчысынын орун басары. 1963-69-жылдары КРдин Элге билим берүү министрлигинин мектептер башкармасында иштеген. 1989-жылдан орус тили жана адабияты институтунда декан, Бишкек гуманитардык университетинде проректор. 100дөн ашык илимий эмгектин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.