АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ – альпинисттерди машыктырып, спорттук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн ылайыкталган спорттук база. Ар бир альпинисттик лагерь спорттук машыгууларга ылайыкталган чатыр, ашкана, медпункт жанa керек буюм-тайымдар менен камсыз кылынат. Туруктуу, көчмө, мезгилдик жанa жыл бою иштөөчү альпинисттик лагерлер болот. Кыргызстандагы альпинисттик лагерлердин ирилери төмөнкүлөр: 1) «Памир» 1973-жылы уюштурулган. Чоң Алай районунун Ачык-Таш капчыгайында, Ош шаарынан 320 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 3700 м бийиктикте жайгашкан. 2) «Ала-Арча» 1951-жылы ачылган, Ала-Арча капчыгайында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте, Бишкектен 42 км аралыкта жайгашкан, капчыгайда аска-зоолор, шагылдуу беттер арбын, алар мөңгүлүү, түрдүү татаалдык категориясына ээ. 3) «Ала-Too» 1972-жылы Каракол шаарында уюшулган. Мында спорттук-машыгуу жүргүзүлөт. Тескей Ала-Тоонун бийик чокуларына чыгуучу разрядчы-спортчуларды кабыл алат.