АЛЬБЕДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:31, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБЕДО (лат. albedo – аппак) – жарыктанган асман телолорунан түшкөн нурду чагылдыруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук. Атмосферасыз планеталар жана жандоочулардын альбедосу өтө начар. Мисалы, Меркурий менен Айдын альбедосу 0,007ге жакын. Тескерисинче тыгыз атмосфералуу планеталардын альбедосу чоң. Мисалы, Чолпон, Юпитер, Сатурндардын альбедосу болжол менен нөлгө барабар. Планета жана алардын жандоочуларынын, ошондой эле ар түрдүү заттардын жана материалдардын альбедосун өлчөөчү фотометрдик прибор альбедометр деп аталат.