АК-ТООК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:46, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТООК ‒ Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу. Каду суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 35 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 32 км. 1850-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1310 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 808 (2022); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, бала бакча, мончо бар. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу М. Борбугулов туулган.